Үч жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстанды Садыр Жапаров башкарып келе жатат. Ушул кыска убакыттын ичинде өлкө жакшы көрсөткүчтөгө жеткенин бир гана кыргыз эли эмес, башка элдер да кеп кылууда. Кыргызстанда жасалып жаткан жакшы иштерди мурда бийликте тургандар жана чет жактан каржыланган уюмдар гана көрбөй жаткандай. Садыр Жапаровдун бийлик башына келүүсү алар үчүн күтүүсүз болгон. Себеби, мурдагыдай эле өздөрүнүн арасынан бирөө президент болот деп үмүт кылышкан. Дагы бир себеп, өлкө башчысы бийликке, элге, өлкөгө болгон көз караштары менен айырмаланып турат. Садыр Жапаровду алар “чоочун” адам катары кабыл алышкан. Садыр Жапаров 2005-жылы депутат болору менен Кумтөрдү улутташтыруу боюнча маселени дайым көтөрүп, ошол кездеги бийликтегилердин кыжырына көп тийген. Муну айта берсек түгөнбөгөн кеп. Биз бүгүн Садыр Жапаровдун жөнөкөй адамдык сапаттарына токтололу деп чечтик.
Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти катары Казакстанга мамлекеттик сапарынын алдында "Казинформ" агенттигине берген маегине кайрылалы.
Мына ошондо ал биринчи жолу президенттик шайлоодон кийинки сезимдери жана балалыгы тууралуу айткан экен. Ал бала кезинде чоң ата, чоң энеси КПССтин съезддерине дайыма көз салып турганын эскерген. Чоң энеси ал кезде Жогорку Советтин депутаты экендигин, съезд болгон сайын Москвага барып турганын айткан.
"Мен анда 4-5-класста окучумун, чоң ата, чоң энем менен телевизорду кызыгып көрчүмүн. Бул Брежневдин доору эле. Ал сүйлөп жатканда, мен Брежневдей болом дечүмин. Бул менин жашыруун кыялым эле. Тагдыр экен, мындан 16 жыл мурун, 2005-жылы депутат болуп шайландым. Ошондон бери мен коррупция менен күрөшүп келе жатам", - деген ал.
Мамлекет башчы бала кезинен бери адилеттүү өлкө башчысы болгусу келгенин, жаш кезинен бийлик бутактарына аралашып жүргөнү бала кездеги "жашыруун кыялын" даана далилдеп турат. Депутат болуп турганда бийликте эмне болуп жатканын өз көзү менен жакындан көрүп, күбө болуп, өлкө акырындап “коррупция” деген сазга батып жатканын, бай менен кедейдин ортосундагы ажырымы кандай кеңейип, алыстаганын баамдап жүргөн. “Мен ар дайым Кумтөр кениндеги коррупция жөнүндө айтып, кыргыз мамлекети бул ишканадан бир дагы тыйын пайда албаганын какшап келгем. Бул кенди канадалыктар кандай гана ары-бери калчап жатканын өз көзүм менен көрүп, мындай болбош керектигин айткам. Эч нерседен корпостон, бул ишти аягына чыгарууну чечкем. 2012-жылы биринчи жолу камалдым. Тогуз ай түрмөдө отургандан кийин, сот мени актап, күнөөсүз, таза бойдон эркиндике чыктым”,- деп айткан Садыр Жапаров.
2021-жылы бийликке келип, президенттик башкарууну орнотуп, бийликтин жаңы адилеттүү түзүмүн түзүп, өлкөнүн тагдыры, келечеги үчүн толук жоопкерчиликти өзүнө алган. Бардык пландарын ишке ашыруу, элге берген убадасын аткаруу үчүн Садыр Жапаров бардык тармакта реформаларды жүргүзө баштады. Кыргызстандын аймактарына ары-бери чапкылап, бүгүн бир өлкөдө, эртең башка өлкөдө болуп күнү-түнү тынымы жок иштеди. Жада калса карапайым эл да: "Бул качан эс алат?" деп тынчсыздана баштаганы бар.
Коррупцияга, кылмыштуулукка каршы катуу күрөш жарыялап, ошол эле учурда карапайым элдин ар бир өтүнүчүнө, азабына күйүп жүрдү. Жаратылыш кырсыгыбы, же адамдардын шалаакылыгы болобу, айтор окуя болгон жерге өзү жетип келип, кайгысын да, кубанычын да эл менен бөлүшүп турат. Өлкө башчынын жөнөкөйлүгү аны башкалардан айырмалап турат. Ал креслодо отуруп маселе чечпейт, ар дайым эл аралайт. Калктын көйгөйүн жанынан көрөт, жеринде чечет.
Эсиңиздеби, “Дордой” базарынын соодагерлери ККМдин кабыл алынышына каршы чыгып, митинг уюштуруп жатканда Садыр Жапаров өзү ал жерге барып, элди тынчтандырып, жаңы эсеп системасынын жакшы жактарын айтып, президент башы менен өзү түшүндүрүп берген. Ал соодагерлерди мындай чараларга кимдер тукуруп жатканын билсе дагы, элдин мүдөөсүн канааттандырып, ККМди киргизүү мөөнөтүн узартып, бул системаны кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берген. Башка президенттер эч качан соодагерлерге көңүл бурган эмес.
Садыр Жапаров эч кимге жарыя кылбастан, капысынан эле ар кайсы аймактарда жана объектилерде текшерүү үчүн барып калчу. Жоокерлердин ашканасынан солдаттар менен кошо тамактанып, куралдуу кол салуудан жапа чеккен баткендиктерди кыдырып, жаңы салыңган үйлөрүнө кирип, нан ооз тийип чыккан учурлары катталган. Атүгүл карапайым эл арасында “Үйүңдү жыйна, идиш-аягыңды жууп кой! Президент келип калышы мүмкүн!” – деген тамаша пайда болду.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкө президенти Зардалы айылына барды. Бул жер Баткен районундагы эң алыскы бийик тоолуу айыл. Айылда дагы эле электр жарыгы, жол, коммуникация жок. Кышында кар жааганда айыл дүйнөнүн сыртында калгандай болуп, жалгыз аяк жол дагы жабылып калат. Айыл тургундары электр жарыгысыз, байланышсыз, жолсуз, медицинасыз, балдар мектепсиз жашоого аргасыз. Адамдар күн сайын аман калышын гана тилеп жашап келишет. Эмне үчүн мурда бир дагы президент баш бакпаган айылга Садыр Жапаров өзү келди деп ойлойсуз? Жооп жөнөкөй, Садыр Жапаров өз өлкөсүнүн эли кандай шартта жашап жатканын өз көзү менен көргүсү келет. Бул адамдарга болгон камкордуктун белгиси эмеспи? Баса, жакында ал жерге жол, электр жарыгы тартылып, зардалылыктардын жашоо-шарты жеңилдейт.
Бүгүн карапайым эл арасында Садыр Жапаровдун кадыр-баркы жогору. Эл ага ишенип, келечегин анын менен байланыштырышат, керек болсо ал үчүн дуба да кылышат.
Пролетар жазуучусу Максим Горький Ленин жөнүндөгү очеркинде мындай деп жазган: "1918-жылдын күзүндө мен Дмитровский заводунун жумушчусу Дмитрий Павловичтен "Лениндин эң жакшы сапаты кайсы?" деп сурадым. Ал: “Жөнөкөйлүгү»,- деп жооп берди дегени бар.
Ал эми бүгүн Кыргызстандын ар бир карапайым жаранынан Садыр Жапаров жөнүндө сурасаңыз, ал сөзсүз анын жөнөкөйлүгүн баса белгилейт.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий