Бишкек, 14.01.25. /Кабар/. Өлкө боюнча буудай жана чычырканак өстүрүү боюнча мыкты дыйкандар аныкталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алар – Чүй облусунун Москва районунун фермери Алексей Анисимов жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Таалай Окенов.
Белгиленгендей, Алексей Анисимов 2024-жылы 1 гектар жерге буудай тигип, 86 центнер түшүм алган.
Ал эми Таалай Окенов 1 гектар жерге 2019-жылы отургузулган чычырканактан 70 центнер түшүм жыйнап, 1 млн 400 миң сом киреше тапкан.
Эске салсак, 28-29-30-31-январда саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде багбанчылыкта олуттуу ийгиликтерге жетишкен адистер жана фермерлер кызыл килемден өтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп, малина, өрүк өстүрүүнүн заманбап технологияларын киргизип, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун сырларын айтып беришет.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 Турат Идрисов.
Пикир
Оставить комментарий