• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Өлкөдө 2030-жылга чейин жүгөрүнүн дүң жыйымын 1 млн тоннага жеткирүү пландалууда

Экономика 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын максаты - өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча тараптар макулдашкан иштерди биргелешип жүргүзүү болуп саналат. "КР жүгөрү өстүрүүчүлөр ассоциациясы" 2026-2030-жылдарга карата жүгөрүнүн данын дүң жыйноосун 1 млн тоннага, ал эми жүгөрүдөн жана сорго данынан ширелүү тоют өндүрүүнү 2 млн тоннага чейин жеткирүү мерчемделген.

Бул көрсөткүчтөргө интенсивдүү технологияны колдонуу менен айдоо аянтын кеңейтпестен жетишүүгө болот. Жүгөрү жана соргодон 100 миң гектарынан 1 млн тонна жүгөрү данын, ал эми бир гектардан орточо түшүмдүүлүгү 10 тоннадан жана 50 тонна жашыл масса, ошондой эле 40 миң гектар аянттан ширелүү тоют алууга болот.

Ассоциация акыркы эки жылда өндүрүшкө универсалдуу (дан, чөп, силос) сорго маданиятын киргизүү менен алектенет. Сорго өсүмдүктөрү кургакчылыкка чыдамдуу, асылдуулугу төмөн, туздуу жерлерде өсөт жана жакшы түшүм берет. Тажрыйбага таянсак, сорго жүгөрүгө салыштырмалуу 50-60% арзан ширелүү тоют берет жана тоюттун сапаты жагынан кем эмес. Мисалы, 1 кг наркындагы жүгөрү силосу 1,60 сом ал эми сорго силосу 0,65 сом болот. Бул өсүмдүктү өстүрүүнү ишке ашыруу үчүн климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу технологияларды киргизүү президенттин "2025-2030-жылдарга КР агроөнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү жөнүндө" жарлыгын аткарууга төп келет.

Ассоциациялар ошондой эле, республиканын бийик тоолуу райондорунда ширелүү тоют менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп, Кочкор, Түп, Жети-Өгүз райондоруна ылайыктуу үрөндөрдү өстүрүү технологиясын иштеп чыгууда жана Талас облусунун аймактарына жылдан-жылга жүгөрү жана сорго өсүмдүктөрүн силоско жайылтуу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий