• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Корея электр заряддоо станцияларын өндүрүүдө кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлиги менен кореялык EVSIS Co LTD компаниясы электр заряддоо станцияларын өндүрүү боюнча кызматташуу келишимине кол койду.

Ведомстводон билдиришкендей, министрликтин электр транспорту тармагындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча делегациясы жумушчу сапарынын алкагында бул тармактын лидери болгон EVSIS ишканасына барып, электр унаалары үчүн электр заряддоо станцияларынын өндүрүш процесси менен таанышты. Компания өндүрүштөн башкарууга жана тейлөөгө чейинки толук циклди ишке ашырат, ошондой эле Hyundai, KIA жана BMW сыяктуу ири автоконцерндерге кызмат көрсөтөт.

Ошондой эле кыргыз тараптын өкүлдөрү EVSIS компаниясынын изилдөө борборуна жана дата борборуна баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, заряддоо инфраструктурасын башкаруунун техникалык процесстери, ошондой эле Маалыматтарды иштетүү борборунда платформаны иштетүү процесси менен таанышышты.

Белгилей кетсек, EVSIS Lotte Data Communication (кореялык LOTTE Corporation) компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат. EVSIS электромобилдер үчүн заряддоо станцияларын өндүрүү жана тейлөө боюнча алдыңкы үч кореялык компаниялардын бири. Компания ар кандай кубаттуулуктагы заряддагычтардан тартып жабдуулардын спектрин сунуштайт.

Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында EVSIS компаниясынын жетекчилигинин деңгээлинде бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Министрдин орун басары Канат Абдрахманов менен уюмдун башкы директору О Ён Шиктин жолугушуусунун жыйынтыгында КР Экономика министрлиги менен кореялык EVSIS компаниясынын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Келишим электр заряддоочу станцияларды өндүрүүдө тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө жана кубаттоо инфраструктурасы жаатында тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий