• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекке жыл аягына чейин дагы 624 автобус алынып келет

Коом 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Бишкекке 2023-жылдын аягына чейин дагы 624 автобус алынып келет.

Мэриянын маалыматына караганда, анын ичинен 500 автобус республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, 124ү Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алып келинет.

Эске сала кетсек, 2022-жылы Бишкек мэриясы кытайлык Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd. компаниясынан 1 млрд сомго автобустарды сатып алган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Кыргызстанга автобустардын биринчи партиясы 2022-жылдын январь айында келе баштаган. Азыркы учурда 300гө жакын автобус алынып келди.

Пикир

Оставить комментарий