• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте троллейбустардын техникалык абалы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттордун техникалык абалын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө троллейбустардын санитардык-техникалык абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын пандустар текшерилди. Талапты аткарбаган троллейбустардын айдоочуларына Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери протоколдорду түзүштү.

Рейд таңкы саат 05:00дөн 08:00гө чейин жүргүзүлдү. Айрым троллейбустар оңдолуп, линияга чыгарылды.

Эске салсак, күнүнө орто эсеп менен 120 троллейбус каттамга чыгат.

Пикир

Оставить комментарий