• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча жаңы долбоор сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Ош шаарында 2023-2025-жылдарга АИВ (ВИЧ), кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана кургак учук менен күрөшүү боюнча жаңы муниципалдык программанын долбоору боюнча жыйын өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жыйында Ош шаарындагы ВИЧ-инфекциясы, кургак учук жана кан аркылуу жугуучу илдеттердин алдын алуу иштери боюнча маалымат берилип, 2023-2025-жылдарга муниципалдык программанын жаңы долбоору сунушталды.

Ошондой эле Ош шаарында ВИЧ-инфекциясынын өсүү көрсөткүчүнүн төмөндөшү катталгандыгы, жаңы долбоордун алкагында бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү болжолдонгондугу белгиленди.

Жыйындын соңунда актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, бир катар сунуштар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий