• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өлкөдө мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө жасалма уруктандыруу технологиясын активдүү колдонуу сунушталууда

Коом 0


Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги фермерлерди жана айыл чарба ишканаларын ата мекендик мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жасалма уруктандыруу технологияларын активдүү колдонууга чакырат.

Ведомстводон билдиришкендей, заманбап ыкмаларды киргизүү Кыргызстандын продукциясынын ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Жасалма уруктандырууну өз убагында жүргүзүү асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана асыл тукум составын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Маалым болгондой, жасалма уруктандыруу малдын генетикалык потенциалын, эт азыктарынын сапатын жакшыртууга жана оорулардын таралуу коркунучун азайтууга багытталган негизги технологиялардын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий