• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти – Таалайбек Ибраев

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Жыл башынан бери өлкөнү газдаштыруунун деңгээли 40%га жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда, Чүй облусунун Новопокровка айылында курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

“Өлкөнү газдаштыруунун деңгээли былтыр 38% болсо, 2024-жылдын жарым жылдыгында 40%га жетти. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Эне-Сай, 69-Га, Селекция конуштарында долбоорлоо-изилдөө иштери аткарылып жатат”, - деди ал.

Таалайбек Ибраев белгилегендей, 6 айда “Газпром Кыргызстан” тарабынан жаратылыш газын сатуунун көлөмү 263,8 млн куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилинде 208,3 млн куб метр болгон. Жалпысынан жаратылыш газын сатуу 26%га өскөнү байкалды.

Пикир

Оставить комментарий