• 87
  • 90.43
  • 0.88

Өлкөнүн абактарында терроризмге айыпталган 170 жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө – Садыков

Коом 0

Бишкек, 25.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын пенитенциардык мекемелеринде 170 жаран терроризм жана экстремизм мүнөзүндөгү кылмыш иштери менен соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөөдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, мекемеде соттолгондорго карата түзөтүү, тарбиялоо, эмгекке тартуу жана коом менен аралаштыруу максатында көп иштер жүргүзүлүп, аймактагы коңшу өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу иштери өткөрүлүп келет.

“Терроризм жана экстремизм үчүн соттолгондор үчүн өлкөдө быйыл 4 социалдык реабилитациялоо жана адаптациялоо борбору түзүлдү. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарды реабилитациялоо, социалдык адаптациядан өткөрүү багытында эффективдүү программаларды иштеп чыгуу пландалууда. Борборлордо абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет жана соттолгондор диний ырым-жырымдарды жасоого укуктары бар. Жаза аткаруу кызматы жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын дин тутуу эркиндигин чектебейт”, - деди Садыков.

Белгилей кетсек, Бишкекте “Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер" аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция өтүп, анда пенитенциардык мекемелерде терроризм жана экстремизм мүнөзүндөгү кылмыш жазасын өтөп жаткандарды туура жолго салуу, атайын адистердин жардамы менен түшүндүрүү, окутуу иштерин жүргүзүп, кайра кылмыштуу иштерге аралашпоосу үчүн шарт түзүү маселесине басым жасалды.

Конференциянын жыйынтыгында Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын тиешелүү тармактарынын адистери, илимий өкүлчүлүгү өз тажрыйбалары жана илимий тыянактары менен бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий