Маданият министри мамлекеттик циркти оңдоп-түзөө иштерин текшерди

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинде оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн маданият министри Алтынбек Максутов оңдоп-түзөө иштерин жеринде текшерди.

Белгиленгендей, мамлекеттик цирк 48 жылдан кийин жаңыланууда. Имарат 1976-жылы курулуп бүтүп, ошондон бери биринчи жолу толук капиталдык оңдоодон өтүүдө.

Цирк имаратын оңдоо тапшырмасы президент Садыр Жапаров тарабынан берилген. Учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий