• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Маданият министрлиги “Достук -2022” республикалык хор искусство сынагын жарыялайт

Маданият 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Достук -2022” республикалык хор искусство сынагын жарыялайт.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, сынак хор ырдоо өнөрүн жайылтуу, коомчулукту хор чыгармачылыгы жана аткаруучулук чеберчилиги менен тааныштыруу, ошондой эле алардын репертуарын кеңейтүү, жаңы чыгармачылык байланыштарды түзүү, хорлордун байланышын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүдө.

Сынактын милдети:

• Катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн хор аткаруу түшүнүүнү кеңейтүү үчүн ар кандай агымдагы жана стилдеги хорлордун биргелешкен аткаруулары, ар кайсы доордогу музыкаларды ар кайсы тилде аткаруу;

• Хор дирижерлорунун профессионалдык баарлашуусу үчүн аянтчаны түзүү;

• Чыгармачылык тажрыйба алмашуу жана аткаруучулук чеберчиликти өркүндөтүү үчүн профессионалдык жана ышкыбоздук хорлордун биргелешип чыгуу;

• Хор ырдоо жаатында жаңы ысымдардын жана таланттардын алып чыгуу;

• Сынактан кийин гастролдук жана концерттик иш-чараларын уюштуруу үчүн музыкалык продюсерлерди жана менеджерлерди тартуу болуп саналат.

Атаандаштар:

Республиканын ар кайсы аймактарынан келген ышкыбоздор жана студенттердин хорлору, курамы боюнча – аралаш, бир тектүү ж.б.

Сынактын шарттары:

• Сынакка катышууга 2022-жылдын 28-апрелине чейин арыз берген бардык командалар кабыл алынат;

• Катышуучулар сынакка чыгармаларды акапелла жана жалпы узактыгы 25-30 мүнөттүк коштоо менен бериши керек.

• Үч милдеттүү бөлүк: 2 акапелла, 1 коштоо менен.

1. С. Юсупов “Кыз бала экен жылкычы”

2. Карл Орфф кантанта Кармина Бурана “Фортуна”

3. Н. Давлесов “Селкинчек” (коштоо менен)

• Катышууга арызды, чыгармалардын партитураларын, топтун жана дирижердун сүрөттөрүн ncc07@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүү керек.

• сынактын катышуучулары афишаларга жана буклеттерге жайгаштыруу үчүн чыгармачыл топ жөнүндө кыскача маалымат бериши керек

• Катышуучулардын жол кире чыгымдары жөнөтүүчү тараптын эсебинен.

Баалоо критерийлери:

- техникалык аткаруу: (интонация, ритм, фраза түзүү, тизилүү, ансамбль, музыкалык тексттин тактыгы, ырдоосу)

- Көркөм аткаруу: (темп, агогика, динамика, тексттин интерпретациясы, эмоционалдуулук, экспрессивдүүлүк, стилдик ишенимдүүлүк, хордун үн сапаты).

- Программанын презентациясы: (репертуардын тандалышы, аткаруунун татаалдыгы, коллективдин жалпы таасири, сырткы көрүнүшү (костюмдар))

Уюштуруу комитети жана калыстар тобу Гала-концерттин программасын мыкты номерлерден түзөт.

Уюштуруу комитети видео, аудио, фотосүрөт, компакт-дискте жазуу, теле жана радио уктуруу боюнча сынактык сынактарды көрсөтүүгө толук автордук укукту өзүнө калтырат.

Байге фонду 800 миң сом. Байгелүү орундар үчүн сынактын катышуучуларына:

1-орун - Диплом жана акчалай сыйлык;

2-орун - Диплом жана акчалай сыйлык;

3-орун - Диплом жана акчалай сыйлык.

Активдүү катышуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар бар.

Демөөрчүлөр калыстар тобунун сыйлыктарына карабастан, өз сыйлыктарын түзүүгө жана сыйлыктарды даярдоого укуктуу.

Сынак 2022-жылдын 12-майынан 15-майына чейин өтөт.

Сынакка катышуу үчүн арыз төмөнкү дарекке жиберилет:

Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78.

E-mail: ncc07@mail.ru

0312 66-24-04, 0551 13 11 83.

Пикир

Оставить комментарий