• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Таяк тартыш боюнча курама команда Дүйнө чемпионатында 25 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Кыргызстандын таяк тартыш боюнча курама командасы Өзбекстандын Хива шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 25 медаль жеңди: 4 алтын, 9 күмүш, 12 коло.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдеш 7-10-сентябрь күндөрү өттү.
Курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 2-орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери:
60 кг — Сауле Эгизбаева;
+85 кг — Рамина Кочконбаева;
65 кг — Кымбат Нуржанова;
75 кг — Элдос Айтбаев.

Күмүш медалдын ээлери:
+125 кг — Мухаммад-Али Токтоматов;
125 кг — Улукбек Ырысбаев;
65 кг — Адилет Имашов;
+85 — Дилдора Рахманова;
75 кг — Назия Майлибашева;
65 кг — Адель Маданбаева;
55 кг — Эльза Абдыкадырова;
50 кг — Маржанохан Халматова;
60 кг — Жанарбек Турдушев;
50 кг — Байэл Карыбаев.

Коло медалдын ээлери:
+65 кг — Санабархон Мамажанова;
65 кг — Бахтияр Абдираимов;
75 кг — Руслан Султанов;
80 кг — Асхад Досмамбетов;
+80 кг — Абдель Эсенгулов;
60 кг — Айдай Назирова;
70 кг — Адема Керимкулова;
60 кг — Улан Тургунбаев;
70 кг — Нургазы Барманов;
80 кг — Бакыт Роман уулу;
90 кг — РусланбекЧыныбек уулу,
Эржан Акылбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий