• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандын футзалчы кыздары Тажикстандын командасы менен 1:1 эсебинде тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Душанбе шаарындагы CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинин алкагында өткөн оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Бүгүн, 22-январда эл аралык турнирдин экинчи оюн күнүндө Кыргызстан Өзбекстандын курамасына каршы беттешет.

Эскерте кетсек, CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 19-29-январда Тажикстанда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий