Майлуу-Сууда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Майлуу-Сууда мал уурдоого шектүү жаран кармалды.

Облустук милициядан билдиришкендей, милицияга 78 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылып, 5-апрелде жайытта жүргөн 1 баш жылкысын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факт боюнча материалдар Майлуу-Суу ШИИБнин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Майлуу-Суу шаарынын 43 даштагы Д.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий