• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мамашарип Чотоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 9-декабрда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, маркум мене коштошуу иш-чарасы саат 12:00дө Бишкек шаары, Арча-Бешик конушу, Жылга сай көчөсү 6 дарегинде өтөт.

Эске сала кетсек, Мамашарип Чотонов 8-декабрда оорудан улам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий