Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания аукцион аркылуу эки кабат үйдү сатыкка койду.
Компаниянын маалыматына ылайык, үй Аламүдүн районундагы Сары-Өзөн шаарчасындагы 3-линия көчөсүндө жайгашкан.
Аукцион 7-мартта саат 15:00дө Бишкектин Тогтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт. Үйдүн жалпы аянты 364,55 чарчы метрди түзөт. Алгачкы баа – 68 млн 755 миң сом.
Иллюстративдик сүрөт.
Пикир
Оставить комментарий