Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште бюджеттик мыйзамдарды андан ары өркүндөтүү, аны эл аралык стандарттарга жакындатуу жана мамлекеттин каржылык башкаруу чөйрөсүндөгү заманбап жаңычылдыктарга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, бул долбоор менен сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгын жана мамлекеттик карыздын чоңдугун так чектөөнү белгилөө үчүн багытталган. “Бюджеттик жыл үчүн мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгы ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик карыздын көлөмүн ички дүң өнүмдүн 70 пайызынан ашпашы керек”, - деди ал.
Мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин тартыштыгынын чеги Евразия экономикалык союз жөнүндөгү келишимге ылайык ички дүң продуктунун 3 пайызынан ашпаган деңгээлде белгиленген. Кыргызстандын мамлекеттик карызынын босого деңгээлин ички дүң өнүмгө карата 70 пайыз деӊгээлинде белгилөө демилгеси сунушталууда.
Орто мөөнөттүү мезгилге эсептөөлөр жүргүзүлгөн, аларга ылайык мамлекеттик карыздын болжолдуу деңгээли ички дүң продуктуга карата 60-63 пайыз диапазондо белгиленген. Булар бюджеттик параметрлерди сактоодо ИДПга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын күтүлгөн болжолдуу деңгээли жөнүндө маалымдайт. Бул эсептөө оптималдуу сценарийдин негизинде жана мүмкүн болгон курстук айырманы эсепке албастан жүргүзүлгөн.
Мыйзамдын күчүнө кирүү датасы катары 2020-жылдын 1-январын белгилөө сунушталат. 2020-жылга чейин өткөөл мезгил каралган. Бул мезгилдин ичинде киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү толук ишке ашыруу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүү болжолдонууда.
Бир катар депутаттар Кыгызстандын тышкы карыздын азыркы абалына, анын ичинде эл аралык каржы уюмдарынын карыздын азыркы көлөмүнө карата пикирине кызыгышты.
Каржы министринин айтымында, өлкөнүн ички дүӊ өнүмү кыйла өсөт. Өкмөт эл аралык каржы уюмдарынан инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында жеӊилдетилген шартта карыз алып турат, бирок сунушталып жаткан чектин алкагында гана. “Эл аралык валюта фонду мамкарыздын көлөмүн 65 пайыз деӊгээлинде белгилөө сунушун берди. Биз 70 пайыз деп турабыз. Азыр тышкы карыз 56,4 пайыз деӊгээлинде. Эгерде форс-мажордук абал түзүлүп калса, Өкмөт тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт, анын механизмдери каралган”, - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев..
Пикир
Оставить комментарий