• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамкурулуш агенттиги былтыр 1 731 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди

Коом 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Мамкурулуш агенттиктин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан 2020-жылдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 1 731 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарын берди. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Регионалдык мааниси боюнча эң көп сертификаттарын Бишкек шаары боюнча – 1 033, Чүй – 151, Ош – 225, Жалал-Абад – 99, Ысык-Көл – 111, Нарын – 49, Талас – 32 жана Баткен боюнча адистер - 31 сертификат алышты.

Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга– 518, излдѳѳчүлѳргѳ – 59, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 461, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 14, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча – 679 квалификациялык сертификаттары берилген.

Белгилей кетсек, 160 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 693 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 1 038 адиске узартылган.

Пикир

Оставить комментарий