• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

“Эки өлкө, эки парк” долбоорунун алкагында Кытайда Бонд зонасы ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. “Эки өлкө, эки парк” долбоорунун алкагында “Кыргыз почтасы” ААК, “Нарын” ЭЭЗ жана “Кашкар” ЭЭЗ ортосунда Кытайдын Кашкар шаарында аянты 7500 чарчы метрди түзгөн Бонд зонасы ачылды. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, ал электрондук коммерцияны өнүктүрүүнүн жана ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна экспорттоонун генератору болот.

29-февралда КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытайдын СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжу менен жолугушуп, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын стратегиялык аспектилери маселелерин талкуулашты.

Акылбек Жапаров “Кыргыз почтасы” ААКнын башкы директору М. Черикчиев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бирге Кашкар шаарындагы “Нарын” ЭЭЗ Бонд зонасындагы “Кыргыз почтасы” ААКнын өкүлчүлүгүнө барып, анда Кыргызстандын ата мекендик продукциясы коюлган “Кыргызстанда жасалган” улуттук павильондун ачылышына катышты.

Ал жерде электрондук соода аркылуу жөнөтүлө турган Кыргызстандын ата мекендик продукциясы, ошондой эле “офлайн” режиминде сатуу үчүн товарлар коюлган.

“Эки өлкө, эки парк” долбоору эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берип, жаңы технологиялык деңгээлге көтөрүү менен Кыргызстандын компаниялары дүйнөдөгү эң ири рынокко сапаттуу товарларды экспорттой алышат.

Долбоор “платформа + парк” жана “институт + ишкана” өнүгүү моделин ишке ашыруу боюнча заманбап изилдөө болуп саналат. Бул долбоордун аркасында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы трансчек аралык логистика үчүн 48 сааттык жана 72 сааттык “кампадан кампага” түз ташуу кызматын түзүү камсыз кылынат.

Пикир

Оставить комментарий