• 87
  • 91.29
  • 0.84

Мамкурулуш Ала-Букада жаңы ачылган оорукананын полу эмнеге чөгүп кеткенинин себебин түшүндүрдү

Аймак 0


Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакунов Ала-Бука районунун Балтагулов айыл аймагындагы жаңы ачылган оорукананын полунун чөгүп кеткени боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, оорукананын ашкана тарабындагы суу түтүктөрү суукта тоңуп, жарылып кеткен.

"Оорукананын ашкана тарабындагы суу түтүктөрү суукта тоңуп, жарылып кеткен. Андан чыккан суу сиңип отуруп, жер чөгө баштаган. Курулушка эч кандай зыяны тийген эмес. Курулуш иштерин жүргүзгөн компания кепилдик милдеттенмелеринин алкагында калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. 3-4 күндүн ичинде кеткен бүткөрүлөт", - деди Иманакунов.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда аталган оорукананын суу түтүктөрүнүн жарылышынан улам полу чөгүп кеткен бөлүгү тартылган видео тараган.

Пикир

Оставить комментарий