• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Чүйдө милиция жаңы жылга карата бир катар иш-чараларды өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Чүйдө милиция кызматкерлери жаңы жылга карата бир катар иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Чүй районунда жаңы жылды тосууда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Ушуга утурлай, Чүй райондук милициясынан өздүк курамынын даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо болуп өттү. Саптык кароо Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында уюштурулуп, ага кошумча Чүй районунун акимиатынын кызматкерлери, 10 айыл өкмөтүнүн, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, аскердик комиссариатынын, райондук оорукананын, жол эксплуатациялоо ишканасынын кызматкерлери катышты. Ошондой эле атайын техникалар тартылды.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери Чүй жатак-мектебине барып, ал жакта тарбияланып жаткан балдарга жаңы жылдык маанай тартуулашты. Мектептин ашканасына керектүү болгон буюмдарды тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий