• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Мамкурулуш Бишкектеги курулуш компаниясына 200 миң сом айып салды

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Космическая, № 96 дарегинде курулуп жаткан темир-бетон каркас жана бетондун бекемдигине экспертиза жүргүзүлдү.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө объекттин курулушу ("Тагай-Бий" ЖЧКсы) КР "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуп жаткандыгы аныкталды. Буга байланыштуу 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Андан тышкары, курулуш процессинде техникалык регламенттердин талаптарын бузгандыгы үчүн "Капитал Строй Сервис" ЖЧКсына 15-июлда токтом чыгарылды. Ошондой эле 35 миң сом өлчөмүндө айып салынып, учурда айып пул төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий