• 87
  • 90.41
  • 0.84

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Азербайжандын элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 13-мартта, Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Ганлдилов менен жолугушту.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдиргендей, жолугушуу жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өткөрүү пландалып жаткан биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий