Мамлекеттик мүлк фонду дагы 10 бала бакчанын имаратын кайтарды

Коом 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өлкө боюнча дагы 10 бала бакчанын имаратын бошотту. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бошотулган 10 бала бакчаны 4 муниципалдык жана 6 мамлекеттик органдар ээлеп келген. Алардын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда орун алса, калган үчөө Ысык-Көл, Жалал-Абад облусу менен Нарын шаарында жайгашкан.

Ошондой эле дагы беш бала бакча бошотуу алдында турат.

Ал эми быйыл, калган 63 бала бакчанын имараттарын кайтаруу иштери жүрөт.

Пикир

Оставить комментарий