• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда заводдогу өрттөн 7 кыргыз жараны жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Россиянын Владимир облусунун Гороховец шарында болгон өрттөн 7 кыргыз жараны жабыркады. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт 5-март күнү айнек идиш чыгарган «Русджам» заводунда курулуш жүрүп жаткан жерде чыккан.

Өрттүн кесепетинен 7 адам жабыркаган – баары Кыргызстандын жарандары.

Жабыркагандардын төртөө оор абалда.

Прокуратура бул факт боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий