• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мамлекеттик ишмер Орозмат Абдыкалыковго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. КР мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат системасы орду толгус жоготууга учурады. Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович 73 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Орозмат Абдыкалыков 1950-жылы 20-июнда Ош облусунун Алай районундагы Тамбашат айылында туулган.

1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган соң Майлуу-Суу электр лампа заводунда инженер-технолог катары эмгек жолун баштаган.

Орозмат Абдыкалыков 1973-жылдан 1987-жылга чейин Кыргыз ССРинин Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунда катардагы инструктордон баштап республикалык уюмдун биринчи катчысына чейин жеткен.

1987-1990-жылдары жана 1991-1992-жылдары Орозмат Абдыкалыков Кара-Көл шаардык депутаттарынын кеңешинин төрагасы болгон.

1992-1994-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат.

1994-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси - министри болгон.

1998-1999-жылдары Орозмат Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын тышкы соода жана өнөр жай министри болгон.

1999-2005-жылдары Орозмат Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары, андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары – уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2005-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген.

Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыковичтин бүт өмүрү жана эмгек жолу мекенге жана элине ак кызмат кылууга арналган. Ал биздин эсибизде өз өлкөсүнүн патриоту жана Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө зор салым кошкон мамлекеттик ишмер катары сакталып калат.

Биз маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз.

А.Ү. Жапаров, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Төрөбаев, Э.Ж. Байсалов, Ж.М. Кулубаев, А.Б. Баетов, Б.А. Бекболотов, А.К. Бакетаев, Д.Ж. Амангельдиев, Т.О. Иманов, У.О. Ниязбеков, К.Б. Базарбаев, У.Э. Мамбетакунов, Г.М. Баатырова, Т.К. Текебаев, Т.О. Ибраев, А.С. Жаныбеков, Б.Э. Ажикеев, А.А. Максутов, Д.А. Кутманова, З.И. Жамалдинов, Б.Ж. Кудайбергенов, А.А. Жунушалиев, Ж.Ж. Бакиров, К.С. Апбасов, А.Ж. Жумагулов.

Пикир

Оставить комментарий