Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. "КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААК 30-августта жалпы суммасы 1 млрд сомго 1 млн нускада жөнөкөй аталыштагы акцияларды кошумча чыгаруунун натыйжасында өзүнүн жүгүртүүдөгү баштапкы капиталын 18,7 млрд сомдон 19,7 млрд сомго чейин көбөйттү.
КР Финансы министрлиги тарабынан капиталга катышуунун үлүшү 100%ды түзөт (өзгөртүлгөн капиталдын жалпы суммасы — 19 млрд 700 млн сом).
Пикир
Оставить комментарий