Мамытканов Азербайжандын ТИМ башчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын тышкы иштер министри Джейхун Байрамовго ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Министр Джейхун Байрамов элчи Максат Мамыткановду дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи Максат Мамытканов жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирдип, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы байланыштарды чыңдоого өз салымын кошууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы учурдагы эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилешти жана кыргыз-азербайжан мамилелерин кеңейтүүнүн мындан аркы перспективаларын аныкташты.

Ошондой эле маектештер эки тараптуу жана көп тараптуу мүнөзгө ээ болгон алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий