• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

“Манас-2” аэробекетинин чатырын алмаштыруу иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. “Манас-2” аэробекетинин чатырын алмаштыруу иштери аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буйрутма “МАМ” ААКсы тарабынан берилген. Чатырды алмаштыруу иштери имараттын эксплуатациялык коопсуздугун жогорулатууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

“Курулуштун алкагында “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап технологияларды жана материалдарды колдонду. Ошондой эле иштин ар бир этабында коопсуздук стандарттары да сакталып, жогорку сапаттагы көзөмөл жүргүзүлөт. Бул структуралык жана тышкы таасирлерге туруктуулукту, ошондой эле ишенимдүүлүктү камсыз кылат”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, башкы подрядчик Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги болгон.

Пикир

Оставить комментарий