«Манас» аэропорту 2023-жылдын I кварталында 1 миллиондон ашык жүргүнчү тейледи

Коом 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 миллион 145 миң 542 жүргүнчүнү тейледи.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн агымы 15,4 пайызга жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 331 миң 577 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр агымы – 813 миң 965 жүргүнчүнү түздү.

Ошондой эле жогоруда аталган мезгилде 8 миң 758 каттам аткарылды: эл аралык багыттар боюнча 6 миң 161 каттам, ички багыттар боюнча 2 миң 597 каттам аткарылды, алар:

  • «Манас» эл аралык аэропортунда 4 миң 855 каттам тейленген: ички – 1 миң 312, эл аралык – 3 миң 543. Жүргүнчүлөр агымы 595 миң 960 түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 165 миң 884, ал эми, эл аралык каттамдардан 430 миң 76 жүргүнчү тейленди.
  • «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда 60 каттам тейленди: ички – 29, эл аралык – 31. Жүргүнчүлөр агымы 3 миң 946 түзүп, алардын ичинен эл аралык каттамдардан 3 миң 933, ал эми ички каттамдардан 13 жүргүнчү тейленди.
  • «Ош» эл аралык аэропортунда 3 миң 843 каттам тейленген: ички – 1 миң 256, эл аралык – 2 миң 636. Жүргүнчүлөр агымы 545 миң 636 түзүп, алардын ичинен ички каттамдардан 165 миң 680, ал эми, эл аралык каттамдардан 379 миң 956 жүргүнчү тейленди.

Пикир

Оставить комментарий