• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте коомдук транспортто GPS-трекерди өчүрүп койгон айдоочулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө эрежелерди сактабаган, GPS-трекерлерди өз алдынча өчүрүп койгон айдоочулар аныкталып, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 8 протокол түзүлдү.

Рейдге “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы, Бишкек троллейбус башкармалыгы, шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, байма-бай өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий