• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

«Манас-аэропорту» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун чек арачылары энчилүү сааттар менен сыйланды

Коом 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев «Манас-аэропортунун» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун чек арачыларына сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

КРдин чек арачылар күнүнүн урматына «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Б.Шаршеев КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын «Манас-аэропорту» көзөмөлдөө-өткөрмө пунктунун чек арачыларына баалуу сыйлыктарды (сааттарды) жана корпоративдик белгилерди тапшырды.

«Сиздерге өлкөнүн коопсуздугун коргоо жана камсыздоо боюнча эң чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Баткен облусундагы соңку окуялар өлкөдөгү туруктуулукка жана бейпилдикке кошкон сиздердин салымыңыздар опол-тоодой экенин дагы бир жолу далилдеди.Сиздер мындай ардактуу милдетти аткаруу менен биздин асманыбыздын ачык, келечегибиздин кең болушун камсыздап жатасыздар»,-деп белгиледи Шаршеев.

Көп жылдык эмгеги үчүн төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:

1. Апсаматов Б.А., «Манас–аэропорту» КӨПтүн (көзөмөлдөө өткөрмө пункту) башчысынын орун басары;

2. Мамбетакунов М.Ж., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 1-кезметинин башчысы;

3. Садыкова А.С., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 4- кезметинин улуу адиси.

Корпоративдик белги тапшырылды:

1. Масымканов С.А., «Манас – аэропорту» КӨПтүн башчысы;

2. Эсенгелдиев Б.О, «Манас – аэропорту» КӨПтүн башчысынын орун басары;

3. Жумабаев Д.Н., «Манас – аэропорту» КӨП АСПКнын офицери;

4. Махмудов К.М., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 1- кезметинин улук контролеру;

5. Эшимбеков А.А., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 1- кезметинин улук контролеру;

6. Тураров Б.Т., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 3- кезметинин улук адиси;

7. Темирлан уулу Жандар, «Манас – аэропорту» КӨПтүн 3- кезметинин улук контролеру;

8. Курманбек уулу Эламан, «Манас – аэропорту» КӨПтүн 4- кезметинин улук контролеру;

9. Орозобеков Э.О., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 2- кезметинин улук контролеру;

10. Каулбекова Ж.А., «Манас – аэропорту» КӨПтүн 2- кезметинин улук контролеру.

«МЭА» ААКтын жамааты да кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден-соолук, кажыбас кайрат жана ишмердүүлүктөрүнө албан ийгиликтерди каалайт»,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий