“Манас” аэропортунда бомба табылган жок

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. “Манас” аэропортунда изделип жаткан бомба табылган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын басма сөз катчысы Алена Хоменко билдирди.

Анын маалыматына ылайык, буга чейин жүргүнчүлөр жана кызматкерлер мүмкүн болгон жарылуу коркунучуна байланыштуу эвакуацияланган.

"Учурда коопсуздук кызматы толук текшерүү жүргүзүп, эч нерсе тапкан жок. Аэропорт жакынкы 20-30 мүнөттө штаттык режимде иштей баштайт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий