• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

«Манас» аэропортунда туманга байланыштуу каттамдардын учуп кетүүсү жана келүүсү кармалууда

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. «Манас» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 17-декабрында саат 00:00дөн тарта коюу туман байкалууда.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.

Алсак, Алматыдагы кошумча аэродромго 3 учак конду – Стамбулдан «Турецкие авиалинии», Дубайдан «Флай Дубай» жана Москвадан «Аэрофлот». Ошондой эле, «АвиаТраффик» компаниясынын учагы Оштогу кошумча аэродромго конду. Кошумчалай кетсек, «Эйр Астана» авиакомпаниясынын Нур-Султан жана Алматыдан уча турган каттамдары да кармалууда.

"Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» 0 312 693109, «Ош» 0 3222 90101. Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз! Биз үчүн коопсуздук баарынан артык!” - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий