• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

“Манас” эл аралык аэропорту Кытай, Түштүк Корея жана Малайзияга жаңы каттамдарды ачууну пландоодо

Коом 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. “Манас” эл аралык аэропорту Кытай, Түштүк Корея жана Малайзияга жаңы каттамдарды ачууну пландоодо. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын коммерция боюнча директору Аман Мамаев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Хайнань, Шанхай, Инчхон, Куала-Лумпур шаарларына каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

“Азыр биз кытай тарап менен кызматташып, Хайнань, Шанхай шаарларына жаңы каттамдарды ачууну пландап жатабыз. Буга удаа эле жүк ташуу каттамдарын көбөйтүүгө аракет кылуудабыз. Анда Бишкек Кытайдан Европага каттаган учактар үчүн транспорттук хабдын милдетин аткарат”, - деди ал.

Ошондой эле Мамаев белгилегендей, Сеул-Загреб багыты боюнча транзиттик каттам ачылды.

“Манас” эл аралык аэропортунун тарыхында биринчи ирет биз транзиттик каттамды ачтык. Бул каттам жумасына үч жолу учат. 35 киши 2 саатка биздин аэропортто тыныгышат. Бул каттамга билеттер 90 күн эрте сатылат. Эмки жылы бул каттам менен биздин жарандар Европага да учуп калат”, - деп белгиледи Мамаев.

Мындан сырткары, жыл башынан бери “Манас” эл аралык аэропорту Бишкектен Пекин, Астана, Баку, Үрүмчүгө, Россиянын бир катар шаарларына, Тамчы аэропортунан Ташкент, Алматы шаарларына каттамдарды ачкан.

Пикир

Оставить комментарий