• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

"Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү англис тилине которулду

Маданият 0

Бишкек, 12.07.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов АКШнын Майами (MIAMI) университетинин профессору, тарыхчы Даниел Приор менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда "Манас” эпосунун “Көкөтөйдүн ашы” бөлүгү кыргыз тилинен англисчеге которулгандыгы маалым болду. Профессор Даниел Приор аталган китептин бет ачарын Улуттук тарых музейинде өткөрүү алдында турганын айтып, мындай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул бет ачардын уникалдуулугу – улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазылып алынган түп нуска биринчи жолу кыргыз тилинен англис тилине түз которулуп, Лондондо “Penguin Classics” сериясында басылып чыгып, чет өлкөлөрдүн окурмандарына тартууланууда.

Өз кезегинде Азамат Жаманкулов Даниел Приорго кыргыз элинин байлыгы болгон “Манас” эпосун жайылтууга көмөктөшүп жатканы кыргыз элине жана анын бай тарыхына болгон сый мамиле катары кабыл ала турганын белгилеп, профессорго терең ыраазычылык билдирди.

Азамат Жаманкулов бул китеп аркылуу дүйнө эли жалгыз гана “Манас эпосун” эмес, кыргыз элинин салттуу маданиятын, жашоо турмушун, үрп-адаттары менен кеңири тааныша аларына ишенем деди.

“Көкөтөйдүн ашы” - “Манас” эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3 319 сап ыр.

Ал эми Сагымбай Орозбаковдун айтуусунда “Көкөтөйдүн ашын” кагаз бетине түшүрүүнү Каюм Мифтаков демилгелеп баштап, кийин Ыбырайым Абдрахманов жазып алып, бүгүнкү күндөргө жеткирген.

Пикир

Оставить комментарий