• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Мария Коробицкая Ысык-Көл эл аралык марафонунун жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 15.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Чолпон-Атадагы ат майданында өткөн ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл IX эл аралык марафонунун жеңүүчүсү болду. Марафон XXII Олимпиада оюндарында коло медаль жеңген Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган.

Коробицкая 42 чакырым 195 метр аралыкка жүгүрүп, маарага биринчи келди. Анын убактысы 2 саат 39 мүнөт 40 секундду түздү. Жеңүүчү Мария Коробицкаяга 140 миң сом берилди.

Маарага кийинки эки кыргызстандык Дарья Маслова (100 миң сом) – 2:44:52 жана Гүлшайыр Сатарова (70 миң) – 2:46:00 убакытта келди. Ал эми эркектер арасында биринчи Илья Тапкин (Кыргызстан) – 2:27:44, экинчи Жоодарбек Кочконбаев (Кыргызстан) – 2:29:50, үчүнчү Шокиржон Маматкулов (Тажикстан) – 2:36:58 убакытта жүгүрүп келди.

Эскерте кетсек, кыргызстандык спортчулар Мария Коробицкая жана Дарья Маслова буга чейин Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Белгилей кетсек, спортчулар 42 чакырым 195 метр (марафон), 21 чакырым 97 метр (жарым марафон), 10 чакырым жана 3 чакырым аралыкка жүгүрүштү. Ошондой эле спорттук жарыштын алкагында 3 чакырымга скандинавиялык басуу каралган. Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу, спорттук иш-чаралар аркылуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. Иш-чарага ШКУга мүчө 35 өлкөнүн жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынан болуп 3 миң жөө күлүк катышты. Иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 12 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий