• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Машиев: Бишкек менен Чүй облусунда ыштын азайганы байкалууда

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Бишкек менен Чүй облусунда ыштын азайганы байкалууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Отурумда Машиев Бишкек менен Чүй облусундагы абанын булганышын жакшыртуу боюнча иш-чараларды координациялаган ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгыны менен тааныштырды. Анда 2024-жылы түтүн азайгандыгы көрсөтүлгөн. Буга карабастан министр ыш маселеси дагы да бар экенин, бирок абанын булганышы боюнча көрсөткүчтөр 2021-жылдагы абалга салыштырмалуу азайганын айтты.

Министр белгилегендей, ыштын азаюусуна таштанды полигонундагы өрттү өчүрүү, тигүү цехтеринин калдыктарын жок кылууну уюштуруу, 3 миңден ашуун маршруттук каттамдарды Бишкектен чыгаруу, экологиялык автобустарды киргизүү өңдүү жана башка чаралар таасирин тийгизди.

Эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча, абанын булганышынын бир катар себептери бар:
- жеке сектор – 40%;
- эски унаалар – 30%;
- ЖЭБ - 15%;
- чаң - 13,5%.

Ошондой эле Машиев Ош жана Жалал-Абад шаарларында да ыш байкалып жатканын, анын себебин комиссия изилдеп чыгарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий