• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

МБК бажы төлөмдөрү боюнча жылдык планды аткарды

Экономика 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрү боюнча 2023-жылга коюлган пландын аткарылышын камсыздады.

МБКнын басма сөз кызматы билдиргендей, бажы кызматы үчүн 2023-жылга кирешелер болжолу 94 млрд 635,9 млн сом суммада белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата бул план толук көлөмдө аткарылды.

2022-жылдын 12 айына салыштырмалуу бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына карата бажы төлөмдөрүн 20 млрд сомго көп жыйнады.

"Бажы төлөмдөрүнүн мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында алгачкы жолу болду. Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы тарабынан бизнес процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарында өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди жайылтуу, контрабандага каршы күрөшүүнү күчөтүү, ошондой эле коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча комплекстүү иштер өткөрүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий