• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Словениянын ишкер чөйрөлөрү үч меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан менен Словениянын ишкер чөйрөлөрү өз ара түшүнүшүү боюнча үч меморандумга кол коюшту. Документтерге Бишкекте өтүп жаткан бизнес-форумдун алкагында кол коюлду.

Словениянын “СПИРИТ” ишкердикти, интернационалдаштырууну, чет элдик инвестицияларды жана технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана КР президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле атамекендик "ЖалГрупп Азия" ЖЧКсы менен словениялык DUOL d.o.o компаниясы өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Кыргызстан-Словения бизнес-форуму бүгүн Бишкекте башталды. Форумдун максаты - эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда жаңы байланыштарды түзүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий