• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

2022-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соодасынын көлөмү 39%га көбөйдү

Экономика 0

Бишкек, 10.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 39 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин жаңы орун Чыңгыз Макешов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйындарынын жыйынтыгы боюнча “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсы 7,2 пайызга, Арменияныкы 11,3 пайызга, Казакстандыкы 2,8 пайызга жогорулады.

“Беларусь өлкөсүнүн ИДПсы 4,7 пайызга жана Россияныкы 1,6 пайызга төмөндөдү. Мындан Кыргызстан жакшы көрсөткүч бергенин билсе болот”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 2-3-февралында Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш жана 2023-жылдын 25-январында Москва шаарыь Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйындары өткөн.

Пикир

Оставить комментарий