• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Медер Машиев жаратылыш министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Машиев Медер Асанович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Медер Машиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий