• 87
  • 89.63
  • 0.85

Медербек Сатыев: Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга бардык аракеттер жумшалышы керек

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууга бардык аракеттер жумшалышы керек. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Талас облустук сотунда өткөн жолугушууда билдирди.

Жогорку соттон маалымдашкандай, төрага Талас облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, адилет сот өндүрүшүн камсыздоо жана элдин сот тутумуна болгон ишенимин арттыруу боюнча бир катар маанилүү маселелерди көтөрдү.

Медербек Сатыев судьяларга жана аппарат кызматкерлерине элге жана мамлекетке кызмат кылуу зарылдыгын айтып, сот адилеттигин жүзөгө ашырууга бардык аракеттер жумшалыш керек экендигин эскертти.

Жогорку соттун төрагасы жакын арада жергиликтүү соттордо элдин сотторго болгон ишенимин аныктоо үчүн онлайн сурамжылоо жүргүзүлө тургандыгын айтты.

Ал үчүн сотко келген тараптар QR-код аркылуу суроолорго жооп бере алышат. Элдердин пикири топтолгон соң, анализ жасалып, кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн тийиштүү чаралар көрүлөт.

Алмазбек Абдылдаев ротация менен келип иштеп жаткандыгына эки жыл сегиз ай болгондугуна карабай, Талас облусу боюнча бир дагы судьянын үстүнөн Тартип комиссиясына арыз жазылбагандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда сот имаратында бөлмөлөр жетишпей жаткандыгы айтылды. Сот адилеттик үйү курулса, көптөгөн көйгөйлөр чечиле тургандыгын төрага кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий