• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Медербек Сатыев жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас райондук сотуна келди. Бул тууралуу ведомствтодон маалымдашты.

Манас райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Расул Жолдошалиев аталган сотто эки гана судья иштээрин, 18 штат бар экендигин, ошол эле учурда бир судьянын жардамчысы жана бир техникалык кызматкер жетишпей жаткандыгын маалымдады.

Медербек Сатыев иштерди кароонун сапаты, мөөнөттөрүндө каралып жаткандыгы боюнча кызыгып сурады.

Расул Жолдошалиев иштер өз мөөнөттөрүндө каралып жаткандыгын айтып, ушул жылы 19 жеке аныктама чыгарылгандыгын маалымдады. Ошондой эле ал ушул жылдын 9 айында өзү жалгыз 297 иш карагандыгын билдирди.

Жолдошалиев көйгөйлөрдүн бири катары жаз келээри менен соттун имаратынын жер төлөөсүндө суу бир метрге чейин көтөрүлүп жаткандыгын айтты.

Медербек Сатыев Сот департамантинин облустагы башкармалыгынын жетекчиси Токтогул Ахуновго тез арада маселени чечүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, Медербек Сатыев иштерди кароону жалпылоо, судьялардын жүктөмү туурасында маалыматтарды сурады. Бул боюнча төрага кызматтык териштирүү болоорун кошумчалады.

Медербек Сатыев аталган соттун ишмердүүлүгү менен таанышып, архив жана тийиштүү сервер коюлган жайлардын абалын карап чыкты.

КЖогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевди Жогорку соттун судьясы Турсунгуль Чаргынова, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов коштоп жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий