• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Медицина кызматкерлеринин арасында коррупциялык иштер көбөйдү – УКМК

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Күн мурун Саламаттыкты сактоо министрлигинде облустук жана райондук деңгээлдеги мамлекеттик медициналык мекемелердин бардык жетекчилеринин катышуусунда координациялык кеңешме болуп өттү.

Атайын кызматтан билдиришкендей, кеңешменин жүрүшүндө коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн күчөтүлгөн кылмыш жазасы, тагыраагы "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын ченемдери түшүндүрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө коррупциялык кылмыштар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин катаалдаштырууга арналып, кабыл алынган «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору түшүндүрүлдү.

Укук коргоо органдары, анын ичинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга каршы тынымсыз күрөшкө карабастан, саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн өсүүсү байкалууда.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан 2020-жылдын октябрынан 2024-жылдын декабрына чейин 43 кылмыш иши козголуп, 18 кызмат адамы кармалып, 291,9 млн сомдон ашык акча каражаты мамлекетке кайтарылган. Коррупцияга байланышы бар 25 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Андан сырткары, уюшкан кылмыштуу топко байланышы бар 4 жооптуу кызматкер кызматтан кеткен.

Жыйындын алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 336, 337, 338, 339, 340, 341, 342, 343, 344, 345, 346, 347, 348-беренелерине ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине коррупциялык кылмыштар үчүн жазалардын негизги өзгөчөлүктөрү жеткирилди, алар:

1) коррупциялык кылмыштар менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат;
2) коррупциялык кылмыштар үчүн айып төлөө менен кутулуу эч мүмкүн эмес;
3) оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жарандын жакын туугандарын же жубайы мамлекеттик кызматка алуудан баш тартылат;
4) жаран коррупциялык кылмыштарга байланышкан күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды төлөп берген учурда да, жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөйт.

Белгилей кетсек, кеңешменин алкагында республиканын жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу милдети коюлган. Ушуга байланыштуу чогулгандарга коррупцияны жүзөгө ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө жөнүндө эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий