• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

“Мейкин” сыйлыгы кыргыз журналистикасынын деңгээлин алаканга салгандай көрсөттү - Ширин Костюк

Маек 0

Президенттин медиа жана журналистика жаатындагы эмгектерди колдоо үчүн ыйгарыла турган “Мейкин” сыйлыгы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Сынакка 10 номинация боюнча 200дөй эмгек келип түшүп, анын ичинен аныкталган 10 жеңүүчү президенттин колунан 1 миллион сом өлчөмүндө сыйлыкты саналуу күндөрдөн кийин алышат. Келип түшкөн материалдарды 11 мүчөдөн турган комиссия карап, өз бааларын беришти. Аталган комиссиянын мүчөсү, Ж. Баласагын атындагы КУУнун журналистика жана коммуникация институтунун директору, социология илимдеринин кандидаты, доцент Ширин Костюк бүгүнкү кыргыз журналистикасынын абалы жана “Мейкин” сыйлыгына келип түшкөн эмгектердин деңгээли тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине маек берди.

- "Мейкин" сыйлыгына келип түшкөн материалдарды кароо менен бүгүнкү кыргыз журналистикасына кандай баа бердиңиз?

- “Мейкин” сыйлыгына келген журналисттердин, кесиптештердин материалдарын баалоо өзүнчө түйшүк, кыйын нерсе болду. Бирок бул сыйлык бүгүнкү күндөгү кыргыз журналистикасынын маселесин, көйгөйүн ачык көрсөтүп койду. Кандай көкүрөк какпайлы кыргыз журналистикасы учурда бир ордунда туруп калгандай. Бардык тармактарда өзгөчө тележурналистика берүүлөрдү тартуу, даярдоо ыкмалары 2000-2010-жылдарда калып калгандай туюлат. Басма сөздө жакшы материалдар бар, бирок фотожурналистика да өнүкпөй калганын байкадык. Айтор бул сынак кыргыз журналистикасынын көп көйгөйлөрүн ачыктап көрсөтүп, ташка тамга баскандай тастыктап койду. Бул сынакка журналистиканын бардык тармактарынан материалдар келгени менен 1 миллион сомго татыктуу жасалган материалдар келген жок. Эң соонун деген материалдарыбыз ушул болсо анда соонун эмесибиз кайсы болуп жатат? Бул бүгүнкү медиа тармагынын абалы.

- Сынакка келген материалдарды карап чыгууда артыкчылык катары көңүлүзгө жаккан бир нерсе байкай алдыңызбы?

- Сынакка келген эмгектерди карап чыгууда аймактардын журналисттери талпынып, изденип, жакшы өсүп келе жатканын байкадык. Бул көрүнүш бизди сүйүнттү. “Жокчулук чыгармачылыкка алып келет” дегендей борбордон алыста эмгектенген журналисттерден изденүү, аракет байкалды. Ошондой эле “Мейкин” аракет кылган жаштарды алып чыкты. Арасында дасыккан журналисттерибиз да бар. Блогерликтен тышкары салттуу журналистика мезгил менен катарлаш, мезгилдин жакшылыгына канаатташ, ийгилигине ийиндеш болуш керек. Мезгилден калбай улуу муундун өкүлдөрү да жаңы технологияларды, ыкмаларды өз ишмердүүлүгүндө колдонушу зарыл. Блогерлер эмне үчүн алдыга кетип жатат, анткени телефонго тартып, монтаждап алдыга озуп, мезгил менен катарлаш болуп жатышат.

- Келечекте “Мейкин” сыйлыгынан кандай эмгектерди көргүңүз келет, дегеле медиа өкүлдөрү материал жасоодо эмнеге көңүл буруулары керек?

- Бүгүнкү ММК, журналистика эки эле функцияны аткарып калгандай, маалымат берүү жана оюн-зоок, көңүл ачмай. Ал эми журналистикадагы агартуучулук функция кайда калды? Билим берүү, таанытуу функциясы эмне болду? Журналисттер бул функцияларын аткарып, ар бир тармактын мыктыларын, коомго өзгөчө жаштарга үлгү боло турган замандаштарыбыз, өз кесибинин мыктылары тууралуу көбүрөөк жазышса дейм. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөдөгү маалымат социалдык тармактагы беш, алты эле адамдын тегерегинде болуп калды. Аны күнүгө көрүп жаткан жаштар ийгилик деген ушул турбайбы деп, так ушул бешөөндөй болгусу келет да. Маалымдоо каражаттарынын функциясы коомго, жаштарга үлгү боло турган инсанды көрсөтүп, тарбия берүү. Мисалы спортчу Айсулуу Тыныбекованын феномени ушунда, Айсулууну көрүп канчалаган кыздарыбыз спорт менен машыгып жатышат. Ушундай мисалдарды ар бир тармактан чыгарып, ийгилик жаратып жаткан жаштарды көрсөтүшүбүз керек. Мына журналисттер эмки сынакка ушундай эмгек менен келишсе деп үмүттөнөм. Азыр жеке мени педагог катары көп нерсени ойлонтту. “Мейкин” сыйлыгы ойлонгон кишиге кыргыз журналистикасынын деңгээлин, абалын алаканга салгандай көрсөтүп берди.

- Журналисттерди даярдоодогу теориялык билим берүүгө өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү зарылдыгын көрө алдыңызбы?

- Комиссиянын курамында иш алып баруу менен өзүмө бир нерсени алып чыктым. Билим берүүдө биз жалпы журналистиканы даярдай берет экенбиз. Мисалы биздин институт журналистика, тележурналистика, эл аралык журналистика жана коомчулук менен байланыш багытында адистерди даярдайбыз. Ооба жалпы журналистиканы даярдашыбыз керек, бирок ушул сыйлык менин көзүмдү ачты, тармактык журналистиканы өнүктүрүү абдан зарыл. Экономикалык, спорт, экологиялык, юридикалык, аскер, өспүрүмдөр журналистикасы, медициналык журналистика деп тармактык журналистиканы өстүрүшүбүз керек. Ушул эле сынактын алкагында бир канча багыттар боюнча материалдар келип түштү, мисалы “Салык өнүгүүгө өбөлгө”, “Керемет Кыргызстан”, “Билим келечек” жана башка номинациялар боюнча. “Билим келечек” номинациясына билим десе эле бала бакча, мектеп ачылды деген өңүттөгү материалдар келген. Билимдин ичинде канча көйгөй бар, билим алууга умтулуу берген, шыктандырган, билимдин, илимдин ордун, ролун белгилеген, устат-шакирт институтун көрсөткөн материалдар жокко эсе. Мекен дегенде биздин журналисттер чек араны эле түшүнгөндөй, мекен - бул ар бирибиз жана баарыбыз да. “Чек арада турам, бул чек аранын башчысы, бул аскер” деген менен чектелбешибиз керек. “Салык өнүгүүгө салым” номинациясы боюнча “ишкана ачылды, салык төлөп жатат” дегендин тегерегинде эле чектелип калган. Бизге салык төлөө маданиятын калыптандырган, салык төлөсөң жол салынат, мектеп, бала бакча курулат, айлык акы, пенсия көбөйгөнгө шарт түзүлөт дегендей сезимди коомдо калыптандырган эмгектер керек эле. Демек, бүгүнкү күндө жалпы журналистика менен кошуп алып тармактык журналистиканы өнүктүрүү мезгилдин талабы.

- Жогоруда маалым болгондой, тармактар боюнча журналисттерди даярдоого белсенип жатыпсыздар, ошол тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Ооба, жакында тармактык журналистика кафедрасын ачууну пландап жатабыз. Тармак боюнча кесипкөй адистерди кайдан табасыңар деген да суроо жаралууда. Бизде тармак боюнча кесипкөй адистер бар, болгону ошону бир жерге чогултуп, иштөө механизмин иштеп чыгыш керек. Ушул механизмди иштеп чыгуу менен тармактык журналистиканы түшүнгөн адистерди даярдап чыгышыбыз керек. Алдыңкы студенттерди чет өлкөлөрдөн окутуп, кайра өзүбүзгө ишке алуу каралууда. Биздин студенттер Россия, Түштүк Кореяда магистратурада окуп жатышат, быйыл Г.В. Плеханов атындагы Россия экономикалык университетине экономикалык журналистика боюнча 3,4 студентти магистратурага кетиребиз. Бул балдар билим алгандан кийин өлкөгө келип, экономика тармагы боюнча журналист болуу менен бирге университетте сабак беришмекчи, ушундай келишим түзүп жатабыз. Бул кадрлар менин алтын фондум, учурда факультетке кадр даярдап, тармактык журналистиканы өнүктүрүүгө болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Мисалы өзүмө жыйынтыктарды чыгарып, профилдик журналистиканын концепциясын жазып, механизмдерин иштеп, окуу программаларын өзгөртүп жатабыз. Кыргызстандагы журналисттерди даярдаган факультеттер менен кафедралар биз бири-бирибизге конкурент болбошубуз керек. Дайыма айтып келем маалыматтык согуш күч алган шартта биздин бир эле максатыбыз биримдикте Кыргызстанга сапаттуу кадрларды даярдап берүү. Ар бир окуу жайдын журналистерди даярдаган факультеттери өзүбүздүн артыкчылыгыбызды, күчтүү жактарыбызды алып чыгып ортого салып, биргеликте сапаттуу кадрларды даярдасак деген максатыбыз бар.

- Жыйынтыгында президент тарабынан уюштурулган сыйлыктын маани-маңызы, келечеги тууралуу жеке пикириңизди билдире кетсеңиз?

- Акыркы “Алтын калемден” кийин журналисттерге сыйлык жок болуп калган чынында. Журналисттик коомчулукка дем, шык берген, көтөрмөлөгөн, колдогон сыйлык болот деп ишенем. Тарыхта биринчи жолу болуп жатат 10 миллион сом байге фонду коюлуп, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон берген абдан жакшы көрүнүш. Бул президентибиздин журналисттерге берген биринчи жакшылыгы, дем, шык бере турган сыйлыгы. Кийинки жылдары мындан да жакшы болуп, медиа тармагынын өкүлдөрү мындан да көп катышат деп ойлойм. Көз карандысыз эркин журналисттердин катышуусу көп болот деп ойлогонбуз, бирок тилекке каршы андай болгон жок, бул жерде ишенбөөчүлүк болгондой. Бирок, жеңүүчүлөр калыс тандалды деп ойлойм, бизге суроолор же үстөмдүк болуп, артыкчылык берүүнү сурануулар, өтүнүүлөр эч болгон жок. Абдан эркин, жагымдуу шартта иштедик. Жеке мага комиссиянын иш алып баруусу абдан жакты. Өзүмдүн чын жүрөгүмдөн берген упайларымды коюп жаттым. Комиссиянын мүчөлөрү да өз ара сүйлөшкөндө белгилүү болгондой, ар бирибиз өзүбүздүн берген баабызга жооп бере алабыз. Бир гана нерсе материалдардын деңгээлине жараша бизде түйшөлүү болду, быйыл токтотсокпу, эмдиги жылы мындан да көп сапаттуу материал келгенде берсекпи деген пикирлер да айтылды. Бирок, биринчи жакшылык, анын үстүнө журналисттерге чыгармачылык дем, ишеним болсун, кийинки жылдарга жол ача турган жакшы сыйлык болсун деген ниетте келген материалдардын ичинен тандап алдык. Кийинки сынакка журналисттер, медиа өкүлдөрү жогоруда айтылган кемчиликтерди эске алуу менен сынакка деп максаттуу түрдө серия менен даярдалган эмгектерди алып келишсе деп айткым келет.

Маектешкен Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий