• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Мектеп формасы классикалык стилге дал келиши керек – Билим берүү министрлиги

Билим Кыргызстан 0

Бишкек, 16.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп формасы классикалык стилде болушу керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларынын мектеп формасына бирдиктүү талаптар коюлган.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына, окуулар өткөрүлгөн жерге жана класстардагы температуралык шарттарга ылайыктуу болушу керек.

Эркек балдар, өспүрүмдөр үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: ар кандай айкалыштагы көйнөк, жилет, шым жана пиджак. Пиджак, жилет жана шым бир түстүү кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) классикалык стилде тигилет.

Кыздар үчүн мектеп формасы төмөнкүдөй кийимдердин топтомунан турат: классикалык стилде тигилген ар кандай айкалыштагы блузка, жилет, юбка, шым, көйнөк, фартук, пиджак. Пиджак, көйнөк жана шым бир түстүү же чакмак кездемеден (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) тигилет.

Окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.

Социалдык жактан аярлуу катмардагы ата-энелерди мектеп тарабынан белгиленген форманы алууга мажбурлоо мыйзамсыз. Алар окуучуну талап кылынган “үстү ачык, асты кара түстөгү” форма менен камсыздаса болот.

Пикир

Оставить комментарий