• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилик кызмат орундарына сынак жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда республика боюнча 394 бош орун бар. Сынак министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 токтомунун негизинде өткөрүлөт.

Белгиленгендей, сынактын төртүнчү этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 2025-жылдын 13-январынан башталып, 27-январга чейин болот.

Каттоо билим берүү уюмунун кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук даректер боюнча кабыл алынат:

doo.talas@ncokoit.kg

doo.naryn@ncokoit.kg

doo.g.osh@ncokoit.kg

doo.chui@ncokoit.kg

doo.ja@ncokoit.kg

doo.batken@ncokoit.kg

doo.osh@ncokoit.kg

doo.ik@ncokoit.kg

doo.bishkek@ncokoit.kg

Сынактын төртүнчү этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби тууралуу билдирүү, ошондой эле талапкерлердин документтерин экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы кандидаттардын өздөрүнө жиберилет.

Кошумча маалымат Департаменттин төмөнкү телефондору аркылуу берилет: 0707 490 001, 0503 610 150, 0550 610 150.

Пикир

Оставить комментарий