Мелис Тургунбаев Улуттук банктын жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Күн мурун жаңы жетекчи Мелис Тургунбаев Улуттук банктын жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов тааныштырды.

Адылбек Касымалиев бүгүн Улуттук банктын алдында турган милдеттердин маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы төрагага ийгиликтерди жана жооптуу кызматында жетишкендиктерди каалады.

Данияр Төлөнов Улуттук банктын жетишкендиктерин жана алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Улуттук банктын натыйжалуу ишин колдоо жана улантуу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Мелис Тургунбаев көрсөтүлөп жаткан ишеним үчүн ыраазычылыгын айтып, жамаат менен биргеликте өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн натыйжалуу иш алып бараарына ишенээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий